Окуу программасы жөнүндө
Багыт кесипкөй жарнамачыларды жана коомчулук менен байланышуу тармагында иштеген кызматкерлерди даярдайт. Багыттын бүтүрүүчүлөрү жарнама агенттери, коомчулук менен байланышуу боюнча адистер, бренд-менеджерлер, имиджмейкерлер, копирайтерлер, жарнама менеджерлери, пресс-атташе, пресс-катчылар, спичрайтерлер жана башкалар болуп иштей алышат. Кесиптик дисциплиналар: Жарнамалык продуктту иштеп чыгуу жана өндүрүү технологиялары, Брендинг, Имиджелогия, Жарнамада дизайн, Жарнама теориясы жана практикасы, Коомчулук менен байланыш теориясы жана практикасы, Жарнамада PR, Жарнамалык байланыштардагы искусство, Маркетинг ж.б.









