Окуу программасы жөнүндө
Психология жана социалдык иштер кафедрасы тарабынан бакалавриатка даярдоо багыты боюнча билим берүү программасы 37.03.01 Психология, багыты (профиль) Практикалык психология эмгек рыногунда талап кылынган ар кандай ишмердүүлүк тармактарында атаандаштыкка жөндөмдүү практикалык психологдорду даярдоого мүмкүндүк берет. Окуу ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө студенттер психотерапиянын негиздери, психодрама, спорт психологиясы, гештальттерапиянын негиздери жана практикасы, когнитивдик жүрүм-турум терапиясы, кризистик кырдаалдарда психологиялык жардам жана башка дисциплиналарды үйрөнүшөт.









