Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриаттын "Фундаменталдык информатика жана маалыматтык технологиялар" адистиги теориялык информатика, программалоо, системалык анализ жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жаатында терең билимге ээ жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Бул бакалавриат багыты компьютердик технологиялардын ар кандай ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө эң жаңы маалыматтык технологияларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө умтулгандарга арналган.
















